Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун жаңы башкы катчысы болуп Станислав Зась дайындалды

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 566 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жаңы башкы катчысы болуп, Беларуссиянын өкүлү Станислав Зась дайындалды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүнкү саммитинде ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков маалымдады.

Анын айтуусунда, Беларуссиянын өкүлү Станислав Зась 2020-жылдын 1-январынан баштап, ЖККУга жаңы катчылык кызматына киришет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте ЖККУнун кезектеги саммити өтүп, сессиясынын жыйынтыктары боюнча 15 документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM