Биз менен байланышыңыз

Бакиевдин небереси Руслан Петров атыгып, Беларуста бизнес кылып жүрөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 783 | 1

Беларустун борбору Минскиде курулуп жаткан көп тармактуу Centropol комплекси Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Журналисттер аталган комплекстин курулушун жүргүзгөн фирма менен качкындагы президент Бакиевдин тугандарынын байланышын таап чыгышкан.

Centropol комплексинин курулушун кипрлик D-Business Solutions Limited компаниясына таандык «Гермес Констракшн» компаниясы жүргүзүп жатат. Кипрдик компаниянын акциялары Norline Development 2,5%, Израил жараны Дэн Смоляк кожоюндук кылган Reamare Investments Limited компаниясына 17,5% таандык. Ал эми калган 80 пайыш үлүш Руслан Петров аттуу ишкер ээлик кылган Forpaton Resource LP компаниясына таандык.

Руслан Петров  — Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевдин ысымын өзгөртүп алган баласы Руслан Бакиев болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM