Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 525 | 0

Бүгүн 28-ноябрда Бишкек шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт.

Аталган жыйынга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Тактап айтканда, кечээ 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко жана Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашиняндын учактары «Манас» аба майданына конду. Ал эми бүгүн таң эрте Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке учуп келди.

Кошумчалай кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында аймактык жана эл аралык коопсуздук, аскердик экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат.

 

Copyright © 2017 Maral FM