Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков казакстандык кесиптеши Асхат Аймагамбетов менен жолугушту. Министрлер тармактагы бир топ маселер боюнча өз ара пикир алышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан менен Казакстандын билим берүүдөгү байланышы дагы да бекемделери жолугушууда айтылган.
— Эки министр Казакстандагы орто мектептерде жүрүп жаткан реформалар, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү боюнча баарлашып, эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары биргелешкен семинар, конференцияларды өткөрүү, илимий байланыштарды өркүндөтүү демилгелери сүйлөшүлдү, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 2000 казакстандык студент билим алса, кошуна өлкөнүн жогорку окуу жайларында 1000 кыргызстандык студент окуйт.