Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров: Кыргызстанда жумушсуздар 154 миңден ашат

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 781 | 0

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 154 миңден ашат. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров мекеменин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтуусунда, ведомстводо 100 миң адам жумушсуз деп катталган.

Жыл сайын бул жарандарды ашпозчу, чач тарач сыяктуу кесиптерге үйрөтүүгө казынадан 90 миллион сомдой акча бөлүнөт. Ошондой эле жумушсуз жарандарды коомго пайда алып келүүчү жумуштарга тартабыз, — деди министр.

Улукбек Кочкоров учурда www.zanyatost.kg порталы ишке киргенин, каалоочулар ал жерден ар кандай окутуу программаларын өтө алышарын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM