Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө бейтаптардын 1%ы гана гепатитти жуктуруп алганын билет»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2019 | 594 | 0

Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов «Маралга» берген маегинде гепатит илдетинин таркалуусунун негизги себептерин айтты.

Анын билдиргенине караганда, Кыргызстанда бейтаптардын 1%ы гана геппатит оорусун жуктуруп алганын билишет. Калган 99 пайызынын кабары жок. Бул илдеттин таркалуусунун негизги фактору болуп жатат.

-Гепатит B дартынын вирусу эң туруктуу вирус болуп саналат. Мындан улам, бейтаптын үй-бүлөсү да илдетке кабылышы ыктымал. Жарандар чачтарач, жеке менчик стоматология, сулуулук салондорунан гепатит жуктуруп алууда. Бирок аны жаран билбей жүрө берет. Жеке менчик ишканаларды колдоо максатында аларды текшерүүгө мароторий жарыялангандыктан, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору текшере албайт. Саясатта чоң катачылык кеткен, — дейт Нурматов.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө боюнча гепатти жуктуруп алганын адамдардын 17%ы гана билет. Калган 83% бейтап илдетти жуктуруп алганынан кабардар эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM