Биз менен байланышыңыз

Сарык илдетин жуктуруп алгандардын 1%ы гана ооруп калганын билишет

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 451 | 0

Сарык илдетин жугузуп алган кыргызстандыктардын 1 %ы гана ооруп калганын билишет. Бул тууралуу маалымат жыйында Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бул сан изилдөөнүн жыйынтыгынан алынган.

«Мурунку жылы Бишкек шаарында 1 миң 74 адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен сарыктын «С» түрүнө 4,7 %, «В» түрүнө 3 % адам чалдыккан», — деди Нурматов.

Ошондой эле, ал «СПИД» борборунда профилактикалык медицина бар экенин, анда кош бойлуу аялдар, баңгизатка берилгендер, операция кылган медицина кызматкерлери текшерүүдөн өтө тургандыгын билдирди.

Анализдин жыйынтыгында аныкталгандай, Кыргызстанда 189 миң адам сарыктын «В» түрүн жугузуп алса, 200 миңи гепатиттин «С» түрүнө чалдыккан. Бардык маалымат чогулгандан кийин (ооруну жуктуруп алгандардын ичинен) кыргызстандыктардын 1 %ы сарык оорусу менен ооруй турганын билишкени маалым болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM