Connect with us

«Гепатит А менен жабыркагандардын саны 94 миңден ашуун»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2019 | 462 | 0

Гепатит оорусу аныкталган 6 миң 600 бейтап катталды. Анын 95 пайызы дарттын А түрү менен жабыркайт. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, гепатит менен жабыркаган бардык бейтаптар катталбайт. Мындан улам, гепатит А менен жабыркагандардын саны (6270*15) 94 миңден ашат.

Ал эми гепатиттин В, D, C түрү менен жабыркагандардын саны мамлекеттик отчёттордо атайын төмөндөтүлүп көрсөтүлүүдө. Себеби оорулууларды изилдегенге лабораториялар жетишсиздик кылып жатат. Нурматов лабораториясыз дартты аныктоого мүмкүн эмес экендигин айтат:

-Мындан сырткары, диагноз коюлган кийин да Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалымат берилбесе, отчётко кирбей калат. Аталган борбордо оорунун жаңы чыккан түрлөрү катталат. Алсак, 31-декабрда оору жоголуп кетпейт, ал жаңы жылга өтөт. Бирок Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна катталбайт. Ошондой эле, вирус жуктурган жаран оорубаса да, айлана-чөйрө үчүн коркунуч жаратат.  Оорунун таркалуусу деген өзүнчө көрсөткүч бар, ал көбүнчө колдонулбайт, — дейт Нурматов.

Нурматов белгилегендей, гепатит А, Е кир колдон, суудан, мөмө-жемишти жуубай колдонуу аркылуу жугат. Ал эми дарттын В, D, C түрү кан аркылуу жугат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM