Биз менен байланышыңыз

Токаевдин визити: кыргыз-казак мамилеси чыңдалууда

Саясат | 27 Ноя 2019 | 804 | 0

27-ноябрда эки өлкөнүн башчылары Бишкекте жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Алгач сүйлөшүу тар чөйрөдө болуп, кийин кеңири форматта өттү. Иш-чаранын соңунда эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу 14 документке кол коюлду. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Касым-Жоомарт Токаевге чакырууну кабыл алып келгенине ыраазычылыгын билдирди.

Жээнбеков менен Токаевдин расмий жолугушуусунан фоторепортаж

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанга биринчи ирет мамлекеттик визити менен келди. Аны өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Алгач мамлекет башчылар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюшту. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болгон сүйлөшүүлөр тар чөйрөдө башталып, андан соң кеңири форматта өттү. Аталган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп жатып, кыргыз-казак бир тууган, ортодогу алака байыртан бери келе жатканын баса белгиледи:

-Кыргызда алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген сөз бар. Казакстан менен биздин ата-бабаларыбыз байыртан бери алака түзүп, бир туугандай болуп карым-катнаш жүргүзүп келет. Жадакалса, биздин өңүбүз, тилибиз, каада-салтыбыз, маданиятыбыз окшош, дилибиз да бир. Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири — Казакстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү болуп саналат, — деди президент Жээнбеков.

Ал арада Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев акыркы төрт мамлекетте бир катар көйгөйлөр орун алса да, Кыргызстан менен курган алакасы солгундабаганын айтты. Ошондой эле, казак-кыргыз соода алакасынын акыркы 3 жылда өсүп жатканына төмөнкүчө токтолду:

-Кыргызстан Казакстан үчүн эң жакын жана бир туугандай болгон, кызматташтыгы арткан өлкө. 1000 жылдан бери бизди ишенимдүү, күчтүү достугубуз бириктирип турат. Кыргызстан Казакстандын Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында экинчи соода өнөктөшү. Эки мамлекеттин ортосундагы товар айлануу үч жылдан бери өсүп жатат. Казакстан Кыргызстандын экономикасына 1 миллиарддан ашык доллар инвестиция салды. Ошондой эле, Кыргызстанда казак капиталынын да үлүшү бар, казактын эки миңден ашык ишкана-мекемеси Кыргызстанда өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келет. Ал эми Казакстанда кыргызтандыктардын катышы бар миңден ашык мекеме-ишканалар бар.

Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусунда жалпысынан 14 документке кол коюлду. Алардын бири Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Казакстандын аталган министрлиги ортосундагы өз ара кызматташуу тууралуу келишими. Мекеменин башчысы Космосбек Чолпонбаев эки мамлекет ортосундагы келишимдин башкы максаты — дарыгерлер бири-бири менен тажрыйба алмашып, эки тараптуу иш алып баруусу боюнча болгондугун айтты:

-Биз ушул айдын башында эле Казакстандан 70 ге жакын аты чыккан дарыгерлердин катышуусунда иш-чара өткөргөнбүз. Негизи, медицина тармагында башкы нерсе тажрыйба алмашуу күчтүү болсо, бардыгы өз орду менен кете берет. Маселен, Казакстанда медицина тармагы жакшы өнүккөндүктөн жаңы техникалар бар. Биздин жарандар ал жакка барып, ар кандай багыттагы операцияларды жасатырышат. Бул багытта келишим түзүлүп, балким, мунун негизинде кандайдыр бир деңгээлде биздин элге жеңилдиктер болуп калат.

Токаевдин мамлекеттик сапары бир катар документтерге кол коюу менен жыйынтыкталды

Ал эми Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Чүй бассейини менен Талас бассейнин эки мамлекет колдонуп келерин айтат. Казакстандын Аспара суу сактагычын эксплуациялоого жардам берилип келгенин айтат:

-Суу ресурстарын пайдалануу боюнча Чүй жана Талас бассейндерин биз бирге колдонуп келебиз. Мына ушул суу ресурстарын пайдалануу боюнча 2000-жылдан баштап, эки өлкөнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан 3 жыл мурда  казак тарап  Кыргызстанга 70 млн сом которсо, акыркы эки жылда 120 млн сомго көбөйтүлүп, шарттары жакшырды.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусунда жакын арада «Ак-Жол — Кордай» жана «Ак-Тилек -Карасу» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын оңдолору тууралуу да айтылды. Ошондой эле кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга карата түзүлгөн Комплекстүү программага кол коюлду.

Кыргыз-казак президенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюшту (сүрөт)

Казак-кыргыз өлкө башчыларынын жолугушуусунда Бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеши жогорку деңгээлде өттү.

Copyright © 2017 Maral FM