Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак президенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде гүл коюшту (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 789 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине аналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Арбактарга багышталып, куран окулду.

Эске салсак, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

Copyright © 2017 Maral FM