Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Ак-Кеме» мейманканасына байланыштуу иш боюнча үн катты

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 566 | 0

«Ак-Кеме» мейманкасынын иши боюнча «Систем Мюхендислик» компаниясына Өкмөт 11,4 миллион долларын төлөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы тууралуу билдирүүгө Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.

Өкмөт «Ак-Кеме» боюнча кандайдыр бир сотко чейинки өндүрүш иши үчүн мыйзамдуу негиз жок болчу деген билдирүү жалган жана чындыкка дал келбейт. Алты жылга созулган айтылган соттук териштирүүнүн алкагында, мамлекеттин пайдасына бир беткей чечим кабыл алынган.

Күрөө катары камакка алынган «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна таандык канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы «Кыргызалтынга» гана таандык жана Кыргызстандын доосу бар тарап аны конфискация кыла албайт деп 2016-жылдын 29-декабрында Онтарио провинциясынын Апелляциялык соту чечим чыгарган.

«Систем Мюхендислик» жана түркиялык «Энтес» компаниясынын апелляциялык арызын канааттандыргандан баш тартуу жөнүндө 2017-жылдын 15-июнунда Канаданын Жогорку соту акыркы чечимин чыгарган.

Мамлекеттик органдар тарабынан кайсы бир компаниянын эсебине айтылган каражат эч качан которулган эмес. Эл аралык арбитраждын кабыл алынган нормаларына ылайык, каражат «Кыргызалтындын» Канададагы атайын эскроу-эсебинин депозитине убактылуу салынган, бул соттук териштирүүдөгү шарттардын талабы.

Бул акча каражаттары 2017-жылдын июнь-июль айларында Кыргыз Республикасынын мамлекттик бюджетине толугу менен кайтарып берилген.

Copyright © 2017 Maral FM