Биз менен байланышыңыз

Экстремисттер менен күрөшүүдө 13 француз аскери курман болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 469 | 0

Малиде экстремисттерге каршы жүргөн операцияда 13 француз аскери каза болду. Бул тууралуу Франция президенти Эммануэль Макрондун администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, экстремисттерге каршы операция учурунда эки тик учак кагылышып, 13 аскер мерт кеткен.

Ноябрдын башында Франциянын Куралдуу күчтөр министри Флоранс Парли «Бургу» операциясынын башталганын, ал Мали, Буркина-Фасо жана Нигер аймактарында болуп, исламисттердин куралдуу тобуна каршы күрөш жүргүзүлө тургандыгын жарыялаган. Аскерлер 2014-жылы экстремисттер менен күрөшүү максатында башталган «Бархан» операциясынын алкагында аракет кыларын кошумчалаган.

AFP агенттигинин билдиргенине караганда «Бархан» операциясына 4,5 миң француз аскери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM