Биз менен байланышыңыз

Разаков ЖККУ саммити учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 495 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаарында ЖККУ саммитин өткөрүү учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков «Манас» эл аралык аэропорту, ошондой эле бир нече инфраструктуралык объекттер жана мейманкана комплекстериндеги даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук коопсуздукту жана укук тартибин, жол жана өрт коопсуздугун камсыздоо, энергия менен камсыз кылуу тапшырмаларын берип, терроризмге каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM