Connect with us

Өкмөт: «Ак-Тилек-автодорожныйдагы» тейлөө пункттары өз мөөнөтүндө бүтүшү керек

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 587 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков автомобиль транспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган динамикалуу системанын иши жана «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жайгаша турган товарларды башкаруу боюнча стационардык пунктунун курулушу менен таанышты.

Учурда «Чалдыбар-автодорожный», «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына тейлөө пункттары курулууда, жакынкы арада «Чоң-Капка-автодорожный» өткөрмө жайында дагы курулуш иштери башталат. Бул үчүн бюджеттен 40 млн сом каралды.

«Быйыл 3 көзөмөл-өткөрүү жайында автотранспорт каражаттарынын салмагын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган динамикалуу системасы орнотулду, өткөрмө жайлар аркылуу каттаган бардык транспорт каражаттарына фото жана видеофиксация жүргүзүлөт. Учурда көзөмөл-өткөрүү жайларынын жанына товарларды башкаруу боюнча иш алып бара турган 8 кызматты жайгаштырган тейлөө пункттарын куруу иштери жүрүүдө. Маалыматтар фото жана видеофиксация системасы менен автоматтык түрдө онлайн режиминде Транспорт жана жолдор министрлигине, Мамлекеттик салык кызматына түшүп турат. Өкмөт 3 пунктту курууга 40 млн сом бөлдү, жалданма компания аныкталды. Декабрдын аягына чейин курулуш иштери аяктайт жана объекттер колдонууга берилет. Биз кирешелер бир кыйла көбөйөрүнө ишенебиз», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM