Биз менен байланышыңыз

Президент ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 549 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыктар экендигин белгиледи.

Валерий Семериков Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын ноябрындагы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Сооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.

Валерий Семериков 27-28-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Тышкы иштер министрлер Кеңеши, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындарына кароого киргизүүгө документтердин даяр экендигин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM