Биз менен байланышыңыз

Үч миң доллар паранын 50 миң сомун алып жаткан ИИМдин полковниги колго түштү

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 613 | 1

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мыйзамсыз нарко жүгүртүүгө каршы кызматынын полковниги Н.Б. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат.

УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте Н.Б. 50 (элүү) миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Такталгандай, буга чейин “С.Р.” аттуу айым УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына кайрылган. Ал күйөөсүнүн кылмыш ишине байланыштуу маселени пайдалуу жагына чечип берүүнү убада кылып, ал үчүн Н.Б. 3000 (үч миң) АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылганын, буга байланыштуу полковникке карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Чогултулган материалдардын негизинде “Пара талап кылуу” беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Билдирүүдө айтылганай, кармоо учурунда Н.Б. качууга аракет кылып, арызданган айымды унаасы менен уруп кеткен. Н.Б. ыкчам топ тарабынан колго түшүрүлгөн. Жабырлануучу “С.Р.” ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу экени айтылат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    02.12.2019 19:14

    Корупция гулдоп эле жатат, Корупцияны жоготуу учун, азыркы бийликте отурган как баштарды биринчи жоготуу керек.
    Министирдин баштап эн акыркы айыл окмотуно чейин алмаштыруу керек, корупция ажыдаарга айланып калган, бир башын ала дагы башкасы келип, денеси ошол бойдон турат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM