Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: «Бийлик ишеничтен чыкпоонун аракетин жасайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2019 | 451 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Маралга» берген маегинде Матраимовдордун тегерегиндеги компроматтадын тиреши узакка барарын билдирди.

Ал Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык фактылар, ага Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана анын туугандарынын тийиштигин ачыктаган журналисттик иликтөөнү «жакшы» деп баалады. Бирок иликтөө көп суроо жаратып жатканын да айтат:

-Азаттыктын» иликтөөсүнө «Мени айтпай эле койгула,- деди, алардын коопсуздугу үчүн жашырып койдук» деген сыяктуу суроолор көп. ММКларга жүктөлгөн социалдык чоң жоопкерчиликти эстен чыгарбоо зарыл. Коомдун көз карашы ММКда айтылган маалыматтар аркылуу калыптанат. Ошол эле учурда ММКларды ээлик кылган тараптарды эстен чыгарбоо керек. Азыр ММКлардын 90%ы жеке менчик, мындан улам, алар жазып жаткан маалыматтардын баары чындык же калп деп бүтүм чыгарып коюу туура эмес. Шайлоо алында түрдүү саясий оюндар күтүлөт, — дейт Калмаматов.

Ал Кыргызстандын тарыхында жакшы эрежелердин калыптанып келе жатканын белгилейт. Ага далил катары Дача-Сууда учак кулаганда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1 ай жоголуп кеткенин, ага салыштырмалуу бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун адмнистрациясы иликтөө жарыяланган күнү дароо реакция кылып, оюн билдиргенин айтты.

Калмаматовдун баамында, президенттин адмнистрациясы «өкмөт, тиешелүү күч органдары чара көргүлө» дегендей ишарат жасады. Бийлик бул маселе боюнча катаал чара көрөт. Анткени парламенттик шайлоо алдында бийлик өз аброюн, шайлоочуларын жоготуп албоо үчүн саясий көз караш менен болсо да, жеңишти өз тарабына оодарууга аракет кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM