Биз менен байланышыңыз

Акматбек: «Жарандык коом муну жөн койбошубуз керек»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1922 | 0

Жакында эле Стамбул шаарында киши колдуу болгон уйгур тектүү, кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “Азаттык” радиосу жана «Клооп» медиа кеңири баяндаган иликтөөсүн жарыялады.

Анда Саймаитинин өлүмү боюнча бир катар жаңы жагдайлар айтылат. «Азаттык» буга чейин жарыялаган «Миллиондордун изи» иликтөөсүндөгү документтерди маркум Айеркен Саймаити өзү бергенин билдиришкен.

Ошондой эле иликтөөгө Саймаити менен болгон видео чалууну да кошушкан. Мындан сырткары, Саймаити Азаттыктын иликтөөсүнө көмөктөшүү максатында, дагы документтерди бермекчи болгонун, бирок ага үлгүрбөй калганы айтылат.

Кыргыз бийлигиндеги бир канча жогорку даражадагы чиновниктердин да ысымы аталган бул иликтөө учурда чоң талкуу жаратып жатат. «Марал» радиосу парламент депутаттарынын, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, жарандык активисттердин пикирин алып, жарыялап жатат. «Маралдын» суроолоруна көз карандысыз эксперт, коомдук ишмер Руслан Акматбек жооп берди.

Марал: — «Азаттык» радиосу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыялады.  Анда фактылар, далилдер ачык көрсөтүлгөн. Сиздин оюңуз боюнча бийликтин реакциясы кандай болуш керек?

Руслан Акматбек: — Биринчиден, бийлик ушуга чейин кабыл албай келген, кандайдыр бир деңгээлде таңган бир топ жагдай бул иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкка чыгып калды. Муну кабыл алышыбыз керек.

Матраимовдорго тийиштүү маалыматтар, репутациясы суроо жараткан адамдардын бийлик менен байланышы бар экендиги бул иликтөөдө далил, факты менен көрсөтүлдү. Ошол эле уйгур ишкери менен азыркы бийликтин ортосундагы мамилени айтса болот. Мындай жагдайларды бийлик четке кагып, «мамилем жок» деп төгүндөп келген.

Экинчиден, күч органдары иликтеп жыйынтыкка барбаган бир топ жагдайлардын журналисттер тарабынан ачыкка чыгарылышы – бул күч органдарынын чабалдыгын же кандайдыр бир деңгээлде бул кишилерди, же бул кланды калкалап жаткандыгынын көрсөткүчү.

Менин оюмда, бийлик бул сапар да унчукпай кутулса, аларды калкалап жаткандыгынын белгиси болот же бул мамилелерде кандайдыр бир кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп коёт.

Марал: — Мындай резонанстуу окуялар болгондо бир канча күн талкууланып эле, чара көрүлбөй калган учурлар бар. Мындайда жарандык коомдун аракети кандай болушу мүмкүн?

Руслан Акматбек: — Бул сапар менин байкаганым боюнча, коом абдан кызуу талкуулап, оюн билдирип жатат. Өлкөдө көмүскө мамилелер, мыйзамсыз жоруктар, бийликтин ушундай нерселер менен чырмалышып калганын көрүп жатышат. Ошол үчүн мындан ары же оңолобуз же дагы тереңдеп, мамлекет болуудан чыгып калабыз деген сөздөр болуп жатат.

Ошондуктан менин оюмча, бийлик бул маселени ачыкка чыгарып, коомчулукка жагдайды ачык түшүндүрүүгө кызыктар болушу керек. Ооба, балким, маселе бир канча убакыт талкууланып анан унутулат, балким, басаңдайт, бирок мындай нерселер бара-бара биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө, эртеңки келечегибизге балта чабат. Коом бийликке, мыйзамга ишенбей калат, бизде баалуулук деген нерсе калбай калат. Эртең бийлик кайсы бети менен чыгып, мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылат? Анткени башынан баштап, орто чиновникке чейин баары ушул мамиленин тегерегинде чырмалышып, баары бир кишини калкалоого өтүп алышкан.

Марал: — «Азаттыктын» иликтөөсүндө маркум ишкер Айеркен Саймаити бажыдан чыккан акча тууралуу бир топ маалыматтарды журналисттерге бергендиги үчүн өзүн Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлү телефон чалуу аркылуу коркутканын айткан. Бирок Ички иштер министринин орун басары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок» деп билдирди эле. Муну сиздин оюңуз боюнча кандай кабыл алса болот?

Руслан Акматбек: -Бул бизде мамлекеттик башкарууда калп айтуу кадимки көрүнүшкө айланганын билдирет. Мамлекеттик башкарууда, коомчулук менен мамиледе чындыктан алыс болуп, калп айтуу менен гана иши жүрүп калганын көрүүгө болот. Негизи, оңолуу үчүн көйгөйлөрдү кабыл алып, талкуулап, ага чара көрүп, ачыкка чыгаруу керек. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат дегенге чейин барып калышыбыз мүмкүн. Биз калпыбыз менен өлкөнү туңгуюкка кептеп жатабыз.

Биз эртеңкини ойлошубуз керек. Жарандык коом катары, бийлик менен отуруп, талкуулап, тийиштүү чара көрүлүшү керек, мунун баары болбогондой көз жумбашыбыз керек. Биздеги мыйзам күчүн көрсөтсүн да. Эки революция болду, дагы деле оңолбой келебиз.

Copyright © 2017 Maral FM