Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 24-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 608 | 0

2019-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 21-24-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кардын жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кардын жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 21-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону, ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 18-ноябрь күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

— тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

— кышкы дөңгөлөктөргө өтүү;

— күрөкчө, чынжырча, аптечка, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Copyright © 2017 Maral FM