Биз менен байланышыңыз

«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференция өтүүдө

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 791 | 0

Бишкекте «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясы өтүп жатат. Анын ишине өлкө башчысы  Сооронбай Жээнбеков катышып сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

Өз сөзүндө президент Жээнбеков:

Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү, — деп белгиледи.

Коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алган. Азыр көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Диний себептер менен бөлүнүп–жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат.

Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Ушул руханий байлыктарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн сабаттуу колдонушубуз керек. Жеке эле дин эмес, маданият, тил, каада-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналат, — деп белгиледи президент.

Өз сөзүндө өлкө башчысы коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга каршы турууга, ошондой эле Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда бир да жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек экенин белгиледи:

Биздин Конституциябыздын 45-беренесинде «негизги жалпы билим алуу милдеттүү» деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек, — деди өлкө башчысы.

Конференция Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүлүп жатат.

Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM