Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз»

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 598 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

-Биз балдардын укуктарынын сакталышын, сапаттуу билим алуусун, ден соолугунун корголушун, үй-бүлөнүн курчоосунда жана коопсуз чөйрөдө өсүшүн камсыз кылып, аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз. Баарыбыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип, алардын өзү теңдүүлөр менен катар өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек«, — деп билдирген Жээнбеков өз кайрылуусунда.

Ошондой эле, Жээнбеков укук коргоо органдарынын, соттордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталган иштери күчөтүлүүгө тийиш экендигин белгилеп, балдарга камкордук жана кубаныч тартуулоого чакырган.

Эске салсак, 30 жыл мурда Бириккен улуттар уюму Баланын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алынган. Кыргызстан аталган Конвенцияга кошулганына 25 жыл болду.

Copyright © 2017 Maral FM