Биз менен байланышыңыз

Президент дин өкүлдөрү менен ынтымакты бекемдөөнү талкуулады

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 407 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда өлкөнүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев менен Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи. Инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн ролу өзгөчө экенине токтолду.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарыл деп белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле, коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM