Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасынын канча пайызы такталганы айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2019 | 518 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасынын 95%га жакыны такталып бүттү. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал чек араны тактоодо өзбек тарап менен активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

-Учурда эки мамлекеттин ортосундагы 1378 чакырымга созулган чек ара тилкесинин 1170и такталган. Бул жалпы чек аранын 85%ын түзөт. Андан соң да жумуштар жасалды. Учурда чек аранын 5-6% гана тактала элек. Орчундуу жерлер калды, — дейт Разаков.

 

Copyright © 2017 Maral FM