Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Андрей Широковду кабыл алды

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 361 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумунун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ийгиликтүү кызматташууну канааттануу менен белгиледи.

Кыргыз тарап кызматташуунун жаңы приоритеттүү багыттарын аныктоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Андрей Широков Мамлекет башчысын «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Форумда айтылган жана талкууланган бардык демилгелер ишке ашырылып, иш жүзүндө колдонулушун каалады.

Тараптар ошондой эле автомобиль жолдорун куруу жана реабилитациялоо, гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга гранттарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM