Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөдү

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 351 | 0

9 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн доллларды түздү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен, алар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги, Европа биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Маалымдама: Кыргыз продукциясынын дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнө экспорттолушу (млн $)

Биримдиктер         ЭКСПОРТ (янв-авг)        ИМПОРТ (янв-авг)
2019-ж 2018-ж 2019-ж 2018-ж
Бардыгы 1192,1 1075,9 3192,3 3517,5
БДСУ 1072,0 943,4 3003,5 3351,7
ЕБ 529,8 383,1 188,2 203,8
КМШ 528,3 579,7 1498,1 1523,5
ЕАЭБ 391,6 425,9 1316,6 1372,3
Үчүнчү өлкөлөр 800,5 650,0 1875,7 2145,2

Учурда республика товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. Негизинен, айыл чарба продукциялары экспорттолот. 9 айда 51,2 млн долларга 91750,0 тонна жашылча экспорттолгон.

Сүт азыктары 20 миң 031 тонна көлөмүндө Казакстан жана Орусияга экспорттолууда. Дүйнөнүн бир канча мамлекети кыргыз балын сатып алууда. Ушул жылдын августуна чейин 300 тонна бал экспорттолду.

9 айда ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда бир аз төмөн. Муну менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттун көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда. Эгерде 2018-жылдын январынан августуна чейин импорт 3,5 млрд  долларды түзсө, салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилине карата 3 млрд долларга көбүрөөк.

Copyright © 2017 Maral FM