Биз менен байланышыңыз

Айеркен Саймаити КР паспортун кантип алганы айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2019 | 5105 | 2

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге Сузак райондук паспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси тарабынан Кыргызстандын 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин өкүлү Гүлбарчын Турдубаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2005-жылкы козголоңдо Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик каттоо кызматынын архивдери күйүп кеткен. Күйүп кеткен  документтердин номурларын колдонуу менен паспорт жасалган.

Саймаити Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат кагазын 2012-жылы алган. Тийиштүү документ Миграция кызматынын уруксатынын негизинде берилген.

«Документтер Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаменти тарабынан чогултулган. Бирок иммигрант статусун алуу үчүн документтердин баарын Миграция кызматына жөнөтүлөт. Башкача айтканда, Миграция кызматынан уруксат келген соң гана Саймаитиге КР аймагында туруктуу жашоого уруксат документин даярдап беребиз», — дейт Турдубева.

2 пикир

2 пикир

  1. Pingback: Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити КР паспортун кантип алганы айтылды - Калыс Медиа

  2. Калмурат

    21.11.2019 11:53

    Паспорт чыры мен билгенден Таирбек Сарпашев ГРСке келгендер бери куч алды.Канча факты ачыкка чыкты,Бир аттуу-баштуу аткаминерлер жоопко тартыла элек.Качанга чейин кутушубуз керек?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM