Биз менен байланышыңыз

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргыз паспортун саткан сайт боюнча үн катты

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 668 | 0

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү PRAVABZ порталында кыргыз ID-карта паспортун 15 миң рублга сатып алуу боюнча тараган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

2019-жылы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети жана Орусия ИИМинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз жаранынын жасалма документтерин колдонуу боюнча бир катар фактылар аныкталган. Бул фактылар боюнча Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн эксперттик-криминалисттик борборлору жүргүзгөн экспертизанынын корутундусу менен алынган документтер мамлекеттик үлгүдөгү документтерге дал келбегендиги жана компьютердин жардамы менен жасалгандыгы тастыкталган.

Орусиянын интернет мейкиндигинде Европа өлкөлөрүнүн жасалма документтерин, анын ичинде кыргыз паспортторун сатып алууну сунуштаган көптөгөн сайттар бар. Орусиянын көзөмөлдөө комитети тарабынан мындай сайттар аныкталып, блоктолот.

Ал эми сот тарабынан болсо «Маалыматтар, маалыматтык технологиялар, маалыматты коргоо жөнүндө» Федералдык мыйзамынын негизинде Орусиянын аймагында документтерди сатууну сунуштагандарга интернет булагына («PRAVABZ» порталы)  чектөөлөрдү киргизип койгон. Сайттын дареги Орусиянын аймагында уруксат берилбеген тизмеге киргизилсе да, кылмышкерлер домендин дарегин өзгөртүп, блоктон чыгарып алуунун да жолдорун табышууда.

2019-жылдын июль айынан баштап Орусиянын аймагында жасалма документтерди даярдоо жана колдонуу үчүн бийлик кылмыш жоопкерчилигин оорлотту.

Ал эми, Кыргызстандын жарандарына 2017-жылдан баштап берилип баштаган биометрикалык паспорттор боюнча Орусиянын аймагында жасалмасын колдонуу же даярдоо фактылары аныкталган эмес.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз жаранына таандык жасалма документтерди даярдоого тиешеси бар адамдарды аныктоого, алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Эске салсак, ушул жылдын 3-февраль күнү бир катар ата мекендик маалыматтык агенттиктерде Орусиянын сайтында эски үлгүдөгү кыргыз ID-карт паспортун 15 миң рублга сатып алууну сунуштап жаткандыгы жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Анда PRAVABZ порталында ID-картка каалаган маалыматты киргизүүгө болорун, ага кошумча 3 миң рубль төлөө керектиги билдирилген маалымат камтылган.

Copyright © 2017 Maral FM