Биз менен байланышыңыз

Кыргыз паспортун жасоо оңой болгондуктан Орусияда кенен сатылып жатат

Коом | 5 Фев 2020 | 983 | 0

Орусияда жасалма кыргыз паспортторун саткан сайтка буга чейин соттун чечими менен бөгөт коюлган. Тартип сакчыларынын маалыматына караганда, сот аркылуу жабылган сайт доменин өзгөртүп, мыйзамсыз ишин уланткан.  Жасалма документтердин мамлекеттик үлгүдөгү документтерге дал келбегендиги жана компьютердин жардамы менен жасалгандыгы тастыкталган. Орусиянын тишелүү органдары жана Кыргыз ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен  биргеликте бул боюнча тийиштүү чараларды көрүп жатат. Жасалма документ жасап сатуу качан тыйылат? Же бул бизнеске айланабы, буга кандай чара көрүлөт? Бул арада АКШ Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизди.

Орусияда иштеген кыргыз жараны Алмазбек Акматалиев жасалма документ саткандар көбөйгөнүн айтты. Анын айтымында, жасалма документ жасап саткандарды  көзөмөлгө алуучу орган жок деген пикирин билдирди. Ошондой эле жасалма документтен улам, мигрантардын турмушунда, ишинде көйгөй жаралат. Ал эми өзбек же тажик жарандары кыргыз паспортун алууга кызыкдар, себеби кыргыз паспорту менен ишке орношуу жеңил:

ындыгында, жасалма документ жасаган, интернет аркылуу онлайн саткандар көп кездешет. Кыргыз жарандары көп учурда жасалма документтин айынан кара тизмеге кирет, жумушунан көйгөй жаралат. Жасалма документ жасагандарды караган атайын орган жок. Мисалы, өзбек, тажик жарандары кыргыз паспортун оңой эле алышат, себеби биздин документ менен аларга жумушка орношуу ыңгайлуу болуп жатат. Ал эми биз документ жасатабыз, бирок патент төлөбөй эле иштей беребиз. 

Орусияда Кыргыз паспорту мыйзамсыз сатылып жаткан сайтта ачык эле 15 миң рублге кыска мөөнөттө паспорт жасатып бере тургандыгы жазылып турат. Аталган сайтка буга чейин  соттун чечими менен бөгөт коюлган. Кыргызстандын гана эмес, дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн паспорттору жасалып сатылат.

Жасалма паспорттор Кыргызстанда иштебей тургандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн  башчысы Адилет Бейшеналиев  айтып, ошондой эле биометрикалык паспортторду жасай албай турганын айтып, Орусиядагы сайттар блоктолуп тургандыгын белгиледи. Бул боюнча Орусия элчилигине кат жөнөтүлүп турат дейт:

-2017-жылдан баштап берилген биометриялык паспортторду жасоого мүмкүн эмес. Орусияда жасалып сатылган мурдагы паспорттун жасалма экени колуңа кармаганда эле билинет. Негизи, биз Орусия бийлиги менен байланышып турабыз, мындай сайттарды текшертип, көзөмөлгө алуусун талап кылабыз. Аталган сайтка буга чейин бөгөт коюлган болчу. Ал сайтта Кыргызстандыкы эле эмес, КМШ мамлекеттеринин паспортун жасап беребиз деп жазылып турат. Бул биздин биометрикалык паспортко тиешеси жок, ал Кыргызстанда иштебейт. 

Ал эми  жасалма поспортторду сатуу фактылары боюнча Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн эксперттик-криминалисттик борборлору жүргүзгөн экспертизанынын корутундусу менен алынган документтер мамлекеттик үлгүдөгү документтерге дал келбегендиги жана компьютердин жардамы менен жасалгандыгы тастыкталган.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын документтерин даярдоого тиешеси бар кишилерди аныктоо, мыйзамсыз иштерге тыюу салуу жаатында Москвадагы укук коргоо органдары менен бирге ыкчам иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын тескөөчүсү  Адина Шаршеева төмөндөгү маалыматтарды айтып берди:

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жасалма документтерди даярдоо жана аны колдонуу фактыларына байланыштуу эскертет! Жарандар жасалма документтерди колдонуу менен кылмыш жасоого барып жаткандыгын түшүнбөй жатышат. 2019-жылы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети жана Орусия ИИМинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз жаранынын жасалма документтерин колдонуу боюнча бир катар фактылар аныкталган. Бул фактылар боюнча Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн эксперттик-криминалисттик борборлору жүргүзгөн экспертизанын корутундусу менен алынган документтер мамлекеттик үлгүдөгү документтерге дал келбегендиги жана компьютердин жардамы менен жасалгандыгы тастыкталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов кыргыз паспортун коргоо механизми оңой деп эсептейт. Ал Орусиянын тиешелүү уюмдарына бул боюнча талап коюу сунушун туура көрөт:

-Кыргыз паспортторун жасоонун жолу татаал болсо, жасабайт эле, коргоо механизми жеңил болгондуктан жасап, 3миң рублдан өйдө баада сатылып жатат. Орусиянын укук коргоо органдарына жана тиешелүү органдарга катуу талаптарды коюушубуз керек. Андан сырткары, бул ишти Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да көзөмөлгө алуусу керек. Дагы бир нерсени айтып кетейин, мамлекеттик каттоо кызматындагы кызматкерлерди жөн эле жумуштан бошотуп эле койбостон, аларга чара көрүлүш керек. 

АКШ мамлекети Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт  визаларын алууга чектөө киргизди. Бирок, мейман визаларын, жана анын ичинде туристтик, студенттик визаларды берүүсүн уланта берет.

Мындан улам, кыргызстандыктар 2021-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту ала башташат. Документке чип жайгаштырылып, ага жарандын манжа издери, санарип сүрөтү камтылат.

Кошумчалай кетсек,  былтыр  Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн жанынан да кыргыз паспорту чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM