Биз менен байланышыңыз

Исаков: «Айыл чарба министрлигинин ишине канааттанбайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 450 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин жасаган ишине канааттанбай турганын билдирди.

Анын айтымында, министрлик саясатын жеке менчикке ылайыкташтыруусу керек болчу. Бирок алар башкаруу системасы менен эле калышкан.

Исаков буга чейинки Айыл чарба министрлери да кыйналганын эске салып, учурдагы министр Эркинбек Чодуевдун да кыйналарын белгиледи:

-Кадр тандоодо бардык жерлерде чыныгы адистер эмес, тааныштыр өтүп кетүүдө. Мунун баары нааразычылык туудурууда. Дыйкан чарбада иштеп, тийиштүү баскычтардан өтүп, өкмөттө иштеген кызматкерлерди министр кылып дайындоо зарыл. Ошондо анын кулагына эч ким кесме иле албайт. Азыр башка тармакта иштеп келип эле министрдин орун басары болуп калууда, — дейт Исаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM