Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 1552 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, учурда камакта жаткан Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылганына толук бир айдан ашса да азыркыга чейин жооп жок.

Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Маралга” бүгүн билдирди. Президенттик аппараттын кишилери Садыр Жапаровдон ырайым берүү боюнча арызды саясатчынын жакын туугандары аркылуу бир ай мурда жаздырып алган. Муну жактоочу билгенине 3-4 күн болгонун радиого билдирди:

Мен муну билгениме 3-4 күн болду. Садыр Жапаровдун туугандары менен байланыштым. Алар арызды жаздыртып, 16-октябрда беришкен экен. Айрым документтерди толуктоо зарылдыгын айтышып, президенттик аппарат катты кайтарган. Туугандары талап кылынган тийиштүү докмунттерди 17-октябрда эле кайра тапшырыптыр. Мен бул боюнча фейсбуктагы баракчама толук жаздым. Садыр Нуркожоевич сотто тагылып жаткан айыптарды жасабаганын билдирген, — деди адвокат.

Мыйзамга ылайык ырайым берүү боюнча кат президенттин атына жазылат. Аны адегенде атайын комиссия карап чыгып, президенттин аппаратына жиберет. Андан соң президент чечим кабыл алат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат.

Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Садыр Жапаров өзү бул айып жасалма жана атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгон деп эсептеп, барымтага алууга эч кандай тиешеси жок болсо да 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM