Биз менен байланышыңыз

Ырчылар набыт болгон кырсыкта тирүү калган Ырыспек да каза болуп, жерге берилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 706 | 0

Балыкчы-Кочкор жолундагы ырчылардын өлүмү менен коштолгон жол кырсыгынан кома абалына түшкөн Ырыспек Алибеков да каза болуп, кечээ кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу районунда жерге берилди.

Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

20 жаштагы Ырыспек каргашалуу кырсыкта унаада тирүү калган жалгыз адам болчу. Ал 11-ноябрдан бери Кочкор райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Алган жаратынан өзүнө келбей, 16-ноябрда каза болгон.

Эске сала кетели, Алибеков 11-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунун 218-чакырымындагы Нарындын Кочкор районунда катталган «Субару Импреза» унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан кырсыкта оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кырсыкта жеңил унаанын ичиндеги төрт адам ошол жерде жан берген. Каза болгондордун арасында маркум акын Майра Керим кызынын уулу акын Акжолтой Канат уулу жубайы менен болгон.

Copyright © 2017 Maral FM