Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ Ош облусунун аймагында катталып, жер титирөөнүн очогунда күчү 3 баллга жеткендиги белгиленген.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандардар болгон жок. Ошондой эле, кыйроолор катталган жок.