Биз менен байланышыңыз

Кытайда түнү менен смартфондо оюн ойногон жарандын көзү көрбөй калды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 1067 | 0

Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын жашоочусу түнү менен смартфондо оюн ойногондон кийин сол көзү көрбөй калды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жашоочу түнү менен смартфондо оюн ойногон кишинин көрүүсү чыңалып, көзүндөгү тамыры жарылып, кан кеткен.

Демейде мындай көрүнүштөр физикалык ашыкча кыймыл-аракеттен улам келип чыгат.

Дарыгерлер жабырлануучунун көзүнө операция жасашып, анын көрүүсү бир айдын ичинде калыбына келүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM