Биз менен байланышыңыз

Ар улуттун жаштары президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен өзгөчө куттукташты (видео)

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 730 | 0

Бүгүн Бишкек шаарында ишембиликке чыгышкан жаштар тобу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду куттукташты.

Ар улуттун өкүлдөрүнөн чогулган жаштар Сооронбай Жээнбековду бүгүн, 16-ноябрь туулган күнүнө карата ар кайсыл тилде куттук айтышты. Мындай өзгөчө куттуктоонун видеосун Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн facebook баракчасына койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 61 жашка чыкты. Мамлекет башчысынын туулган күнүн куттуктап, көптөгөн өлкө башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүшүүдө.

Мэриянын шаарды тазалоо демилгесин шаардыктар колдоду. Рахмат аларга.Ажобуздун да туулган күнүн куттуктайбыз.Бар бололу.

Опубликовано Балбаком Тулобаевым Пятница, 15 ноября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM