Биз менен байланышыңыз

Өмүргө чаңкаган бойдон кеткен Чокморов…

Билим-маданият | 15 Ноя 2019 | 2635 | 0

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдын маарекеси белгиленди. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, залкар киноактер, мыкты сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун басып өткөн жолу, кыргыз эли үчүн жасаган эмгектери тууралуу айтты. Салтанатка Чокморовдун туугандары, жакындары жана санаалаштары катышып, ойлору менен бөлүштү.

“Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт”. Мындай пикирди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков залкар сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада айтты. Ал Чокморовдун жасаган эмгектерин, жетишкен жетишкендиктери тууралуу сөз сүйлөп, кайталангыс жана адамдык сапаты бийик адам экенин баса белгиледи:

«Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актер болду. Анын талантын Акиро Куросава менен катар, россиялык, япониялык, европалык, америкалык киноишмерлер абдан жогору баалаганын билесиздер. Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун «Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык» деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыздын кыргыз маданиятына кошкон салымы кино искусствосу менен гана чектелбейт. Ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жаратты.
Бала кезинен сүрөттү мыкты тарткан, айылдын көрүнүктүү эрке баласы Суймөнкүл Чокморовду кыргыз киноиндустриясына СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев алып келген. Кинорежиссер Чокморовду кайталангыс жана кыргыздын бактысына бир жаралчу адам деп эскерет. Шамшиев анын көп ийгиликке жетүүсүнө актёрдогу жөнөкөйлүк жана ийкемдүүлүк сапаты дейт:

-Сүймөнкул Чокморовдун дүйнөлүк аренага чыгышына ошол кездеги мезгил себеп болгон. Ар бир кылымдын өзүнүн Айтматов сыяктуу адамдары болот. Ошолордун бири Сүймөнкул эле. Бүгүнкү күндө биз дал ушундай адамдарга суусап турабыз. Мен бул адам менен эмне үчүн иштешип кеткем? Биздин дүйнөбүздүн байланышы күчтүү болду. Анын үстүнө Чокморов жоопкерчиликтүү, бир мүнөз жана жөнөкөй адам болчу. Ошондой эле, ал жылдыз оорусу менен ооруган эмес. Билбейм, эгерде жылдыз болуп кетсе, баары башкача болмок. Дагы бир сапатын белгилегим келет. Ал абдан эрктүү жана ийкемдүү болчу. «Караш-караш» киносун тартып жатканда Көкөмерен суусуна секирип кеткенде, суунун тереңдиги 6 метрдей болчу. Ошол сууга коркпой секирип ойноп берген.

Сүймөнкул Чокморовдун кино чөйрөсүндө тартылган эң алгачкы киносу — “Караш-караш” тасмасы. Аталган кинодо роль жаратуу мезгилинде залкардын сүрдөгөнүн, жана ролду берилүү менен аткарганын КР Эл артисти Жамал Сейдакматова да эскерип отурду. Бирге роль жаратып, чогуу тасмаларга түшкөн Сейдакматова Чокморов тууралуу мындайча ойдо:

-Бул инсан абдан таланттуу жана аракетчил эле. Биз биргеликте роль жаратканыбыз эсимде. Эң биринчи «Караш-караш» киносундагы съемка учурунда колдору калтырап, сүрдөгөн эле. Бирок өзүн жакшы көрсөтүп, бул кесипти бат эле өздөштүрүп кетти. Эмне үчүн эл оозуна бат алынды? Анткени бул адам жөнөкөй эле,ошондой эле, ал эл аралаганды жакшы көрчү. Ар бир кинодо өзгөчө жан дүйнөсүн арнап, ошол адам болуп жашачу. Тилекке каршы, мындай адамдар аз. Тагдыр экен 53 жашында бизди таштап кете берди.

«Сүймөнкул Чокморов үйдүн эле эмес, бүт айылдын эрке баласы эле», –дейт бир тууган агасы Эсенжан Чокморов. Байкеси сүрөтчүнү бала кезинде оорубаганын, ал ар дайым күлүп жана жайдары жүргөнүн айтып берди. Ошондой эле, бүгүнкү күндө кыргыз эли кайталангыс талантты унутпастан көңүл буруп жатканына ыраазы болду:

-Бала кезинен сүрөт тартып, жеңелери менен тамашалып эле жүрөр эле. Бирок кинодо роль жаратып, ийгиликтерге да жетишти. Мен чыгармачыл адам бардык багытта таланттуу болот го деп ойлойм. Анткени ал сүрөт тартып жатканда адамдарга ар кандай мүнөздөмө берип, элди өзүнө көңүл бурдурат да. Ошол сыяктуу эле кинодо да ушундай. Биздин үйдүн кенжеси болуп, эркелеп жүрүп эле чоңойду. Бала кезинде ооруп же башка олуттуу деле проблема жараткан эмес эле. Бирок тагдыр экен эртте кетти. Ошентсе да эмгектери, ийгиликтери элдин эсинде калды.  

«Туугандардын арасынан кадимкидей бөлүнүп, адамдарды магниттей өзүнө тартып алчу»,- дейт бир тууган жеңеси Зарика Тайалиева. Ар дайым шайыр жана жөнөкөй сапаты менен бийик турган Чокморвдун унутулгус окяларын эстеп өттү:

-Бир жолу тойго кечигип калды. Ал кирип келип эле элди ордунан тургузгандан уялып, бир бурчка отуруп калса болобу. Бардыгыбыз эле ызы-чуу түшүп, ордубуздан тура калдык. Анткени ал бир туугандардын арасында ар дайым көңүл чордонунда жүрчү. Бул жерден эмнени айткым келди. Кечигип келгенин сезип, тоскоолдук жаратпайын деген ойдо кичүүлөрдөн кийин унчукпай ылдый жакка отуруп калып жатпайбы? Бул адамдык сапаттын бийиктиги эмей эмне анан. Биз менен тамашалашып, кез-кезде ырдап да коёр эле.

Эскерте кетсек, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү Сүймөнкул  Чокморов эл ишенимине ээ болуп, эки жолу элдин өкүлү — Кыргыз Эл депутаты болуп шайланган. Ошондой эле, Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты Эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актёр болгон.

Copyright © 2017 Maral FM