Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө бир катар Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков жарандыкка кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койгон.
3 жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынат. Анын ичинен 821и — чоң адамдар жана 155 — балдар. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
2 жарлыкка ылайык, 929 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат. Алардын 722си чоң адамдар жана 207 балдар. Бардыгы 1905 адам кайрылышкан.