Биз менен байланышыңыз

Президент айыл чарба, өнөр жай кызматкерлерин куттуктады

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 385 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы айыл чарба тармагын калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылып, жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жатат деп белгиледи. Бул тармакты президент өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ деп белгиледи:

Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук.

Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системаларды куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат. Мамлекет кайра иштетүү ишканаларын курууга, жаңы  долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда, — деди президент куттуктоосунда.

Тармактын өкүлдөрү менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынганын өлкө башчысы өз сөзүндө кошумчалап кетти.

Copyright © 2017 Maral FM