Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум 29-ноябрга жылды

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 513 | 0

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышына байланышкан сот процесси башталбай жатып 29-ноябрга жылдырылды. Сот отурумуна төрагалык кылуучу судья Эмилбек Каипов буга айыпталуучулардын бири — академик Абдухалим Раимжановдун ооруп, процесске келбей калганы себеп болгонун билдирди.

Бул иште башкы айыпталуучу деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саналууда. Мындан тышкары иш боюнча дагы 19 кишиге айып тагылган. Алардын катарында диагноз койгон дарыгерлер, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, бир катар күч органдарынын жетекчилери бар.

Атамбаев сотко катышуудан баш тартууда. Деген менен отурумга айыпталып жатышкан дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова жана экс-генпрокурор Индира Жолдубаева келишкен.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин абактан чыгарылышына байланышкан сот процессинин алгачкы отуруму белгиленген болчу.

Батукаев 2013-жылдын апрель айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Дарыгерлер ага ошол кезде “оор лейкоз” илдетине чалдыккан деген диагнозду коюшкан. Нарында камакта жаткан жеринен тарыхый мекени Чеченстанга учуп кеткен. Ошол кездеги күч органдары бул иште мыйзам бузуу болгон деп эсептешкен эмес.

Батукаевдин абактан бошотулушун иликтөө иши 2019-жылы кайра жанданган.

Copyright © 2017 Maral FM