Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү айтылды 

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 511 | 0

2018-жылдын 31-декабрына карата ички жана тышкы мамлекеттик карыздын көлөмү 311,8 млрд. сомду (4,5 млрд. доллар) түздү. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Жалпы мамлекеттик карыздын:

  • 85,7 %ы тышкы карыз 3,8 млрд долл (267,2 млрд. сом);
  • 14,3 %ы ички карыз – 0,6 млрд долл (44,6 млрд. сом).

2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын ичинде:

  • Пайыздарды төлөөгө – 7,1 млрд. сом;
  • Карыздын негизги суммасын төлөөгө – 16,7 млрд. сом;
  • Тышкы карызга – 8,2 млрд сом;
  • Ички карызга – 8,4 млрд сом жумшалды.

Мамлекеттик карыз 2017-жылга салыштырмалуу 65,7 млн долларга же ИДПга карата 2,8 %га кыскарды. Тышкы карыз – 254 млн долларга, же ИДПга карата 5%га азайды.

Copyright © 2017 Maral FM