Биз менен байланышыңыз

Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттери Ташкентте жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 683 | 0

Борбордук Азия өлкө башчыларынын экинчи ирет уюштурулуучу кеңешмеси 27-ноябрда, Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев маалымдады.

Назарбаев, мурда белгиленгендей эле, кеңешме Ташкент шаарында өтөт деген ишеничин билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда чечилбеген маселелер бар экендигин белгилеген.

Эске салсак, 2017-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алгач ирет Борбор Азия президенттеринин формалдуу эмес жолугушуусун өткөрүүнү сунуштаган.

Өлкө башчыларынын алгачкы кеңешмеси 2018-жылы Казакстандын борборунда өткөн. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстандын Тышкы иштер министри экинчи жолугушуу Ташкентте өтөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM