Биз менен байланышыңыз

Президент мыкты дипломаттарга сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 744 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Ибрагим Жунусовго Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы берилди.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевге жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консул Алиясбек Алымкуловго Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси Бүбүйра Абдыжапарова, Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору Толенды Макеев, Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Анвар Тохтоходжаев Президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Сыйлыктар «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын БУУ менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM