Биз менен байланышыңыз

Президент: Азия жана батыш өлкөлөрү менен кызматташтык өнүгөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 716 | 0

Дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди — экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата өтүп жаткан иш-чарада айтты.

Ал кыргыздын башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамилеси 643-жылы башталганы тарыхый булактарда жазылганын белгилейт. Андан кийин 18-кылымда кыргыздын эл башчылары Падышалык Россия менен түзгөн дипломатиялык мамилелери жөнүндө айтты.

Тышкы иштер министрлигинин башаты — Кыргыз ССРинин Тышкы иштер эл комиссариаты 1944-жылы түзүлгөн.

Эгемендикке жеткенден кийин Бириккен Улуттар Уюмуна кирүү — Кыргызстандын алгачкы тышкы саясий чечимдеринин бири болгон. 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасы Уюмга бир добуштан кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамилеле түздү.

«Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз. Борбордук Азия өлкөлөрүнө — Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга расмий визит жасалды. Россияга, Кытайга, Түркияга, Евросоюзга болгон мамлекеттик жана расмий иш-сапарлар позитивдүү натыйжаларды берди. Индия, Япония, Корея, Араб өлкөлөрү жана Америка менен болгон карым-катнашыбызды өркүндөтүү боюнча иштерди улантабыз. Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум»,- деди президент.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгынын натыйжасы жана келечеги» аталышта форум өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM