Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандан барган кургак азыктарды чек арадан кайтарды

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 498 | 0

Орусиянын айыл чарба көзөмөлдөө башкармалыгы Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстан жана Кытай өндүрүшүнөн чыккан 63 тоннадан ашык карантиндик азык-түлүктөрдү чек арасына киргизбей койду.

Аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Кыргызстан менен Казакстандан фитосанитардык тобокелчилиги жогору болгон 7 партия азык-түлүк келген. Алар Новосибирск, Красноярск жана Кемерово шаарларына даректелген.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн соң Кыргызстандан келген жалпы салмагы 22,18 тоннаны түзгөн жаңгак, кургак жемиштер,кургатылган буурчак, күрүч азыгы коштоочу фитосанитардык сертификаты жараксыз болуп чыккан. Айрым азыктарда такыр эле тийиштүү сертификаттары жок болгон.

Мындан улам бул азык-түлүктөрдү Орусиянын чек арасына киргизүүгө тыюу салынып, кайра кайтарылган.

Copyright © 2017 Maral FM