Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Абылгазиев транспорт министрлигиндеги коррупцияны эки жылдан кийин билдиби?

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2019 | 688 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде жол куруудагы коррупция боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бир нече ирет кабар бергенин, бирок ал мойнуна албай Транспорт жана жолдор министрлигине болушуп келгенин айтып, өкмөт башчыны кескин сындады.

Эл өкүлү Абылгазиевдин парламентке отчёт берип жатып жол куруудагы коррупция тууралуу айтышы өкүнүчтүү жана күтүүсүз болгонун белгилейт.

«Өлкөнүн тышкы карызынын 70% сарпталып салынган жолдор эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Эгер өкмөт башчы коррупцияны билсе ал жерде эмне кылып отурат? Коррупциянын баарын жоёбуз деген сөздү кечээ айтып жатат. Паракорчулук бар экенин билсе эмне үчүн 2 жылдан бери макул болуп келген. Эми мыйзам жазып кел десек, Экономика министри «каржы тарабын каржы министри чечсин» дейт. Ушундай да болобу? Эмне үчүн Абылгазиев 2 жылдан бери коррупция менен күрөшкөн жок?» — деди Момбеков.

Ал буга чейинки үч транспорт министри коррупциянын айынан кызматтан кеткенин эске салды.

Мындан сырткары, министрликтин астындагы долбоорлоо институту долбоордо жолдун баасын үч эсе көп көрсөтөрүн да айтып өттү.

«1 чакырымдык жолдун баасы 100 доллар болсо, булар долбоорго 300 доллар деп жазышат. Натыйжада тендерге Германия, Испания, Норвегия сыяктуу эң алдыңкы өлкөлөрдүн компаниялары катышпайт. Институт тендерге катыша турган компания менен алдын ала сүйлөшүп, жең ичинен соодалашып алат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM