Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Олигарх депутаттар менен элдин ортосундагы конфликт

Саясат | 11 Ноя 2019 | 900 | 0

Шайлоо системасын озгөртүү — олигарх депутаттар менен жарандык коомдун ортосундагы конфликт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков депутаттарды шайлоо ыкмасын  преференциалдык кылуу боюнча тегерек столдо айтты:

-Бүгүнкү биз талкуулап жаткан маселе бул — саясий маселе. Олигарх депутаттар менен Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Өмүрбек Текебаевге окшогон, мага окшогон адамдардын ортосундагы саясий конфликт болуп эсептелет. Бул-  бийлик менен эркин көз караштагы жарандык коомдун ортосундагы, башка көз караштагы адамдардын ортосундагы конфликт. Ошондуктан биз “персонификациялуу” (бир адамга, талапкерге) добушка өтө турган болсок, бизде эгемендүү парламент, эффективдүү депутат пайда болот! Бул — биздин мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгы болуп эсептелет. Бийлик, олигархтар буга жол бербегенге аракет кылат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуштап чыккан депутаттарды шайлоо ыкмасын  преференциалдык кылуу боюнча тегерек стол болду. Ага эл өкүлдөрү, саясий партиялардын лидерлери жана жарандык активисттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө азыркы шайлоо системасына эл нааразы экендиги айтылып,  аны оңдоо зарылдыгы боюнча талкуу жүрдү.

Кошумчалай кетсек, Шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM