Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн доллар жардам берет

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 925 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «ушул жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы — 1-чакан программасы боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 24-октябрда кабыл алынган.

Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкта жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Ушул макулдашуунун алкагында Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн доллар өлчөмүндө финансылык жардам берилет. Финансы каражаттары республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM