Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги жол кырсыгынан каза тапты

Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 9961 | 0

Балыкчы-Кочкор унаа жолундагы кырсыкта төрт адам каза болду. Арасында Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу бар.

Бул тууралуу каза болгондордун жакындары билдиришти.

Унааны кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков башкарып бараткан. Алдын ала маалыматка ылайык, кар жолдогу тайгакта унаанын тормозу иштебей, жолдун четине чыгып кеткен.

Ичинде дагы бир ырчы, Акжолтой Канат уулу келинчеги менен жана дагы бир өздүгү тактала элек адам болгон.

Азырынча аты-жөнү тактала элек жаран учурда кома абалында ооруканада жаткандыгы айтылат. Божомолдор боюнча, алар Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде тойго кызмат көрсөтүп, чыгып келатышкан.

«Марал» радиосунун жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын бөлүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM