Биз менен байланышыңыз

Докторантурада окугандардын 62 пайызын аялдар түзөт

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 481 | 0

Кыргызстанда докторлугун жактоо максатында билим алып жаткандардын 62 пайызга жакыны аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымдады.

Айта кетсек, аспиранттардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 20%га өскөн. Ал эми докторантурага тапшыргандардын саны 12%га кыскарган.

Аспирантурада окугандардын 59%га жакынын, докторантурада окугандардын 62 пайызын аялдар түзөт.

  2014 2015 2016 2017 2018
Аспиранттардын саны 2082 2008 2131 2413 2490
Кабыл алынгандар 600 655 773 879 780
Бүтүргөндөр 572 565 557 448 487

 

  2014 2015 2016 2017 2018
Докторантура саны 166 164 141 130 146
Кабыл алынгандар 65 37 24 21 44
Бүтүргөндөр 25 28 32 18 19

 

Copyright © 2017 Maral FM