Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жаштар — коомду жаңылоонун негизги кыймылдаткычы

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 538 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы «жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы» экендигин айтты. 

«Кыргызстандын жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат.

Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келесиздер.

Жаш мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн колдоо жана аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө»,- деп жазылат куттуктоо катында.

Андан сырткары жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп өттү.

«Жаштардан жаӊы идеяларды күтөбүз, инновациялык долбоорлорду колдойбуз, жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасын улантабыз»,-деген өлкө башчысы жаштарды майрамы менен куттуктап, ден-соолук, бактылуу өмүр, ийгилик жана келечектеги жеңиштерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM