Биз менен байланышыңыз

“Антошка” жайындагы өрттөн жабыркаган жетөө дарыланып жатат

Кыска кабар | 9 Ноя 2019 | 420 | 0

Бишкек шаарындагы “Антошка” тез тамактануучу жайынан чыккан өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Дагы үчөө дарыланып үйлөрүнө чыгып кеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн билдирди. Жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Баары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болгону билдирүүдө айтылат.

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектин чок ортосундагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайында өрт чыгып, ошол жерден бир адам каза болгон. Ал ошол жайда эмгектенген аял киши болгон. Бул тууралуу Медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM